Кр өкмөтүнүн токтому
КР өкмөтүнүн токтому – КР Өкмөтү тарабынан анын компетенциясынын чектеринде чыгарылуучу укуктук акт, КР Конституциясынын, КР мыйзамдарынын, КР Президентинин жарлыктарынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат жана КРдин бүткүл аймагында аткарылууга милдеттүү. КР Ө. т-н аткарбоо же тийиштүү эмес аткаруу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7