Колофондон чыккан Ксенофан (Х.Т.ч. 565—478-ж.ченде) — байыркы грек философу. Өмүрүн саякаттап жүрүп өткөргөн акын болгон. Байыркы Грециянын жана Түштүк Италиянын шаарларын кыдырып, көп саякаттаган, өмүрүнүн акырында Түштүк Италия менен Сицилиянын территориясында пайда болгон гректердин италиялык колониясы — Улуу Грециянын шаары Элейге келип жашайт. Ушул шаарда Ионийден эмигранттар келгенден кийин элей мектеби пайда болот.

Ксенофан (1655).

Негизги чыгармасы — «Силлалар» түзөтүү

Ксенофан өзүнүн толук калыптанып бүткөн системасын түзгөн эмес, анын поэзия түрүндө берилген көз караштарында көптөгөн карама-каршылыктар бар. Анын негизги чыгармасы — «Силлалар» («Сатиралар»). Бул китебинде ал өз заманынын «бардык акындары менен философторуна каршы» полемикалык түрдө сатиралык тургудан каршы чыгат.

Ксенофан ошол кезде үстөмдүк кылып турган көп кудайга ишенүүгө каршы чыгып, бир гана Кудай бар, ал — Аалам деп эсептеген. Мунусу менен ал пантеизм позициясында турган. Ксенофан адамдар кудайларды өздөрүнө окшоштуруп ойлоп табышат жана алардын дене-бойлоруна да өздөрүнүкүндөй түр беришет деген.

Философиялык көз карашы түзөтүү

Ксенофандын философиялык көз карашын анын төмөнкүдөй айтканы мүнөздөйт: «Бардык нерсе топурактан пайда болот жана бардыгы кайтадан топуракка айланат». Адамдын пайда болушу жөнүндө да ушундай мааниде айтат: «Анткени биз бардыгыбыз топурактан жана суудан жаралганбыз». Байыркы грек философторунун ичинен Ксенофан биринчи болуп таанымдын мүмкүнчүлүктөрү жана чектери жөнүндөгү маселени коёт. Кудай гана анык таанымга ээ, ал эми адамдардын билимдери мүмкүн болуучу натыйжалар менен гана чектелет да, адамдардын «пикирлерин» гана түзөт.

Ксенофанды көп учурда скептицизмге жол салып кеткен адам катарында эсептешет. Анын пикирлер менен билимдерди карама-каршы коюу концепциясы байыркы грек гносеологиясынын өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ болгон.

Этикалык көз караштары түзөтүү

Ксенофандын этикалык көз караштары утилитардык мүнөздө болгон. Ал египеттиктерге Осирис өлбөс кудай, ошондуктан аны жоктоп ыйлабагыла деп сунуш кылат. Тиран менен өтө сейрек же бал тил менен сүйлөшүүгө кеңеш берет. Ал ошондой эле спорттук мелдештер менен ашкере көп алектенбөө керек, анткени анын пайдасы жок деп эсептейт. Кара күчкө артыкчылык бербөө керек, «анткени биздин акыл-эсибиз адамдар менен жылкылардын күчүнөн алда канча жакшы». Ксенофандын утилитаризми космология маселелерине да тарайт. Ал «күн пайдалуу, ал эми айдын кереги жок» деп айткан.

Ксенофан тарабынан коюлган бирдиктүү бытие проблемасы элей мектебинин башка өкүлдөрү — Парменид, Зенон, Мелисс тарабынан бир кыйла олуттуу түрдө каралган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү