Кубанычбек Аманкулов
Аманкулов Кубанычбек (2.11.1952-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - экономист, жетекчи кызматкер.
- 1973-ж. Фрунзе шаарындагы кооперация техникумунун азык-түлүк товарларын жүгүртүү бөлүмүн бүтүргөн (1975).
- Эмгек жолун Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда жумушчу болуп баштаган.
- Кийинчерээк сатуучу, товар жүгүртүүчү.
- 1979-94-жылдары соода бөлүмүнүн башчысы, башкарманын орун басары, 1994-97-жылдары Суусамыр совхозунда кампа башчысы, 1997-2004-жылга чейин Кара-Балта нефтебазасында (АЗС № 5) оператор болуп эмгектенип келди.
- 2004-жылдан Суусамыр айыл округунда экономист-статист болуп иштейт.
- Суусамыр айылдык кеңешке 2 жолу депутат болуп щайланган.
- Кыргыз керек-жарак коомунун, райондук бир нече жолу Ардак грамоталар менен сыйланган.
- 2007-жылдан Суусамыр айылынын Аксакалдар сотунун мүчөсү.
- Шааболот уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9