Кубанычбек Бакиев - акын, жазуучу[1].

Кубанычбек Бакиев
Туулган датасы:

25 -февраль 1952(1952-02-25) (72 жаш)

Туулган жери:

Базар-Коргон району, Каба кыштагы

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Ал Базар-Коргон районунун Каба кыштагында 1952-жылдын 25-февралында туулган.

1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин артыкчылык диплому менен, 1992-жылы Кыргыз-Болгар жогорку менеджмент мектебин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1977-жылдан тартып прокуратура органдарында райондук прокуратуранын тергөөчүсү, улук тергөөчүсү, райондун, облустун прокурору, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп иштеген. «Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси» даражасындагы мамлекеттик чинге ээ.

Кубанычбектин чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөн жана студенттик мезгилде башталып, акындын чыгармалары республикалык, облустук басма сөз беттеринде үзгүлтүксүз басылып келе жатат.

Улуу грек тамсилчиси, ойчулу жана философу Эзоптун ж.б. байыркы тамсилчилердин белгилүү тамсилдерин жазуучу Калканбай Ашымбаев менен биргеликте «Абалкы асыл ойлор» деген ат менен кыргыз тилине которгон.

«Дарыялар жайыкта кошулушат» аттуу тарыхый романы эл аралык Ж.Мамытов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болуп, «2001-жылдын мыкты китеби» катары таанылган. «Манас-1000» юбилейлик медалынын ээси.

2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кубанычбек Бакиев, 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары кызматын ээлеп турганда, алдамчылыкка айыпталган. Бишкек шаарынын ИИБнин маалыматына ылайык, ал балдары жоголгон жаранга аларды табууга жардам берем деп 35 миң доллар талап кылып, акчаны алгандан кийин качып кеткен. Бишкек шаардык сотунун чечими менен Бакиев беш жылга эркинен ажыратылган, бирок кылмыш иши ден соолугуна байланыштуу токтотулган[2][3].

Жарык көргөн китептери

түзөтүү

Кыргыз тилинде

түзөтүү
  • Дарыялар жайыкта кошулушат: Роман. 1-китеп – Б.: Бийиктик, 2001. – 248 б.
  • Дарыялар жайыкта кошулушат: Роман. 2-китеп – Б.: Бийиктик, 2002. – 400 б.
  • Элден алып элге: Роман (Искендер Зулкарнайдын керээзи), тарыхый аңгемелер, очерктер, легендалар, уламыштар, ырлар, кошоктор, жаңы табылгалар). 1-китеп. – Б.: Бийиктик, 2003. – 467 б. (авторлош).
  • Жаз эңсеген жан сезим: Ырлар жана поэмалар – Б.: Бийиктик, 2009. – 220 б.
  • Өлбөсттүк жөнүндө Сага: Ыр менен жазылган роман.
  • Кейптаундагы ак сүйүү: 1-китеп. – Б., 2009. – 319 б.
  • Өмүр-өлүм-өмүр: 2-китеп. – Б., 2009. – 480 б.

Орус тилинде

түзөтүү
  • Сага о бессмертии. Роман в стихах:
  • Любовь в Кейптауне: 1-книга – Б.: Бийиктик, 2009. – 319 с.
  • Жизнь-смерть-жизнь: 2-книга – Б.: Бийиктик, 2009. – 480 с.

Котормолору

түзөтүү
  • Абалкы асыл ойлор (Эзоп, Лафонтен ж.б.): Тамсилдер. – Б.: Бийиктик, – 216 б. (К.Ашымбаев менен бирге).

Булактар

түзөтүү
  1. Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6. 
  2. Фамилиясын өзгөрткөн. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы төрагасы Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү?, GOVORI.TV (31.10.2021).
  3. Чем владеют родственники и приближенные нового главы Таможни, Factcheck.kg (2021).