Кубатаев Камалдин 1952-жылы Сузак районунун Багыш айылында туулган.

  • Орто мектепти аяктагандан кийин, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келип, Жалал-Абад шаардык кесиптик-техникалык окуу жайынан механизатор кесибине ээ болгон.
  • 1972-жылдан Сузак районунун “Дружба” совхозунда тракторчу болуп иштеп баштаган.
  • Бир канча жолу Социалисттик мелдештин жеңичүүсү болуп, КПССтин катарына мүчө болуп кабыл алынган.
  • Мамлекетке кылган үзүрлүү эмгеги бааланып, 1980-жылы 28 жаш курагында Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.
  • Кыргызстан 1991-жылы Эгемендүүлүгүн алып, ошого байланыштуу совхоздор таркап кетсе да, механизаторлук кесибин токтотбостон, жаштарга үлгү болуп үзүрлүү эмгектенип келет.
  • Бир канча Республикалык, областтык, райондук Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3