Кубатбеков Сапарбек (1919, Каныш-Кыя айылы - 11.11.1998, ошол эле жер) - айыл чарба өндүрүшүн алгачкы уюштуруучулардан, райондун ардактуу атуулу.

  • 1939-ж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөөгө чыкырылып,
  • 1941-45-жылдары Улуу Ата-Мекендик согушка катышкан.
  • Прежевальск шаарындагы айыл чарба техникумун, Жалал-Абад педогогикалык окуу жайын (1939) бүткөн.
  • 1938-39-жылдары Чаткал районундук комсомол уюмунун учёт башчысы, Будённый атындагы жети жылдык мектебинде мугалим,
  • 1945-46-жылдары Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Чаткал райкомунда парткабинеттин башчысы,
  • 1946-48-жылдары партиялык, профсоюздук-комсомолдук уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1948-52-жылдары Чаткал райондук айыл чарба бөлүмүнүн башчысы,
  • 1952-53-жылдары Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Чаткал райкомунун 2-катчысы, Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешиндеги Каганович атындагы колхоздун башкармасы,
  • 1953-54-жылдары Кыргызстан Коммунистик Партиясынын Чаткал райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы,
  • 1954-55-жылдары Чаткал райкомунун катчысы,
  • 1955-56-жылдары 2-катчысы,
  • 1956-58-жылдары Ала-Бука районунун (Чаткал жана Ала-Бука райондору бириккондигине байланыштуу) Чаткал аймагы боюнча райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары,
  • 1958-60-жылдары «Чаткал» эт-сүт совхозунун директору,
  • 1960-69-жылдары “Чаткал” совхозунун №1, №2 бөлүмдөрүнүн башчысы,
  • 1969-71-жылдары “Чаткал” совхозунун жумушчулар комитегинин төрагасы,
  • 1971-73-жылдары Чаткал мал чарба станциясынын директорунун орун басары, партиялык комитеттин катчысы,
  • 1973-79-жылдары “Чаткал” совхозунун №1 бөлүмүнүн башчысы, жумушчулар комитетинин төрагасы, кадрлар боюнча инспектору болуп иштеген.
  • 1-даражадагы “Улуу Ата Мекендик согуш”, 2 «Кызыл Жылдыз» ордени, 2 жолу «Эрдик үчүн» жана юбилейлик медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун грамотасы (1985) ж. б. сыйланган.

Жалал-Абад жана Ош облустук кеңештерине 2 жолу, райондук кеңешке 6 жолу, айылдык Кеңешке 12 жолу депутат болуп шайланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6