Кубаттуулук — аткарылган жумуштун ошол жумушту аткарууга кеткен убакытка болгон катышы менен ченелүүчү физикалык чоңдук; тутумдун энергиялык мүнөздөмөсү. Эгер жумуш бир калыпта аткарылса, анда Кубаттуулук N= A/t формуласы менен берилип, мында A ― жумуш, t ― жумуш аткарылган убакыт секунда менен, N ― К. Кубаттуулук бирдиктер тутумунда ватт (Вт) менен өлчөнөт. 1 Вт= 1 Дж/1 сек. 1 секда 1 Дж жумуш аткарылса 1 Втка барабар. Техникада ат күчү (а. к.) бирдиги колдонулат.

Булактар түзөтүү