Кубизм (французча  сubisme, cube – империализм мезгилиндеги реакциячыл буржуазиялык көркөм искусство агымдарынын бири. К. биринчи дүйнөлүк согуш алдында Францияда 1908-ж. пайда болуп, калыптана баштаган, Сезанн сунуштаган, көзгө көрүнгөн формалар схематизациясынын жалган формалисттик принциптерин жана алардын эң жөнөкөй геометриялык көлөмдөргө (куб, пирамида, шар) ажыратылышын жогорку чекке жеткизген. Чындыкты көрксүз бузуу менен (биринчи кезекте адамдын сырткы көрүнүшүн) кубисттер ар кандай көркөм сүрөттөө элементтерин танып, абстракттуу формаларды иретсиз үйүп салууга өтүшкөн. Мындай түрдөгү «картиналарда» живописке жат материалдар-таарындылар, кагаз жана башка пайда болгон, бул жерде буржуазиялык көркөм искусство өзүн өзү тануу менен кээ бир формалисттик агымдардын живопистен «буюм жасоого» өтүшүнө шарт түзгөн. К. өзүнөн кийинки реакциячыл «абстракционизмге» жол көрсөтүп кеткен, к. Предметсиз көркөм искусство макаласын.

Колдонулган адабияттар түзөтүү