Кува, Куба – Өзбекстандагы байыркы шаарлардын бири. 1974-жылдан шаар статусуна ээ. Фергана облусунда жайгашкан. Темир жол бекети. 10-кылымдан белгилүү. Орто кылымдын калдыктары сакталган. Археологдор 1958–59-жылдары Будда комплексин (7—8-кылымдарга таандык) казышкан. Ал храмдарды жана чиркөөнү камтып, бир башкы фасадка биригишкен. Чиркөөнүн платформасында Будданын ири айкели орнотулган. Храм менен чиркөөнүн ичинде боёлгон чопо Будда айкелдери постаментте орнотулса, айкел композициялары дубал оюктарында (нишада) жайгашкан. Эмерек жасоочу фабрика, консерва, пахта тазалоочу заводдору иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү