Кудабаев Зарылбек Исалыевич

Кудабаев Зарылбек Исалыевич (22. 11. 1953-жылы туулган–азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) – экономика илимдеринин доктору (2004), физика-математика илимдеринин кандидаты (1983), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2003), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1993), Россия Федерациясынын статистикасынын отличниги (2001), Кыргыз Республикасынын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Кыргыз Мамлекеттик университетинин физика факультетин (1975), Москвадагы И. Бардин атындагы Кара металлургия Борбордук Илим изилдөө институтунун аспирантурасын (1979–83), М. Торез атындагы Москва мамлекеттик чет тилдер институтун (1989–90) бүтүргөн. М. Ломоносов атындагы МГУнун физика факультетинде (1975–76), Фрунзе шаарындагы политехникалык институтта, Кыргыз Техникалык университетинде окутуучу, профессор, кафедра башчысы, проректор (1977–95), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында бөлүм башчы (1995– 97), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (1997–2005), 2006-жылдан Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору. Анын 100дөн ашуун илимий эмгеги (анын ичинде 5 монография жана 3 окуу куралы) жарык көргөн. «Даңк» медалы менен сыйланган (1999). Эмг.: Экономическое развитие Кыргызской Республики. Б., 2001; Становление свободной экономики в Кыргызстане. Б., 2004; Проблемы сокращения бедности в Кыргызстане. Б., 2004; Некоторые итоги становления свободной экономики в Кыргызской Республике, Мировая экономика и международные отношения. М., 2005.

Колдонулган адабияттар түзөтүү