Кудайбергенов Төрөбай Тургунбекович

Кудайбергенов Төрөбай Тургунбекович (1948) КУАУ биотехнология жана химия кафедрасынын профессору .

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Төрөбай Тургунбекович 1948-ж Талас облусуна караштуу Киров районунун Бакайыр айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз.

  • 1966-ж Киров районундагы Чон-Коргон орто мектебин аяктаган.
  • 1966-1967-окуу жылында аталган районго караштуу Кара-Сай орто мектебинде физика-химия –маткматика сабагынан мугалим болуп иштеген.
  • 1967-1972-жж КУУде химия факультетинин студенти, 1972-ж аталган факультетти артыкчылыгы диплому менен бүтүргөн.
  • 1972-1976-ж КУУ химия факультетинин физколлоиддик химия кафедрасында окутуучу,күндүзгү бөлүмдүн аспиранты.
  • 1976-1980-жж КР УИА ИНФХ институтунун металлдар жана алардын куймалары лабораториясында инженер,кенже илимий кызматкер болуп эмгектенген.1980-ж бүгүнкү күнгө чейин К.И. Скрябин атындагы КУАУ эмгектенет: ассистент, улуу окутуучу, доцент, институт директору, кафедра башчысы, профессор (2001-ж), 1985-ж химия илимдеринин кандидаты,19
  • доцент, 2001-ж профессор наамдарын алган.
  • 2000-ж КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Илимий ишмердиги түзөтүү

«Электр учкунунун шартында» жөнөкөй жана татаал карбиддерди синтездөө (хром подгруппасындагы металлдар үчүн).

«Үзгүлтүксүз химиялык билим берүүнүн актуалдуу маселелери» боюнча эмгектенет негизги илимий-методикалык эмгектери 100 ашык илимий-методикалык иштердин автору. Алардын арасында 2-монография, 2-автордук (СССР) куболук, 19 окуу китеби,10 ашык методикалык көрсөтмөлөр.

  1. Химия, лекциялар лекциялар жыйнагы, 1989-ж
  2. Жалпы химия жана элементтердин химиясы,1994-ж
  3. Жалпы химия,1998-2005-жж
  4. Химиялык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү,2003-ж
  5. Физикалык жана физколлоиддик химия-2004-ж.
  6. Химия: 8-класс, 9-класс, 11-класс, 2006, 2008, 2012, 2014, 2016-ж.ж.
  7. Химия өзбекче: 8-класс,11-класс 2016-ж.
  8. Химия: орусча: 8-класс,2015, 9-класс-2016.
  9. Окистенүү жана калыбына келүү реакциялары,жана электрохимиялык прцесстер. Методикалык көрсөтмөлөр.
  10. Аналитикалык химия. Программалаштырылган суроолору менен.
  11. Үзгүлтүксүз химиялык билим берүүнүн актуалдуу маселелери. Монография, 2017.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 1993-ж Кыргыз Республикасына эмгек синирген тренери «ордо» боюнча.
  • Кыргыз  Республикасынын элге билим берүү отличниги
  • КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.
  • 2000-ж КР илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Колдонулган адабияттар түзөтүү