Кудашев Сайфи Фаттахович

Кудашев Сайфи Фаттахович (жашырын аты — Сайфи Кудаш) [21. 9(3. 10). 1894, азыркы Башкырт АССРи, Чишмин району, Кляшев айылы — 29. 6. 1993, Уфа] — башкырт совет акыны, Башкырт эл акыны (1964). Чыгармачылыгы 1913-жылдан башталган. Ал чыгармаларын татар, орус тилдеринде жазган. С. Ф. Кудашев — «Эркиндик ыры» (1917), «Соко ыры» (1926), «Күрөш каарманы» (1928), «Жүрөгүм менен» (1956), «Менин бакчамда» (1964) жана башка ыр жыйнактардын, «Октябрь», «Устаканада» (1920), «Кат» (1930) поэмаларынын, «Кушкаен» (1936) деген ыр менен жазылган романдын жана «Унутулгус мүнөттөр» (1957) аттуу мемуардык китептин автору. Кудашевдин адабият таануу боюнча да эмгектери бар. Башкырт АССР Жогорку Советинин депутаты (1947—63). Ленин ордени, башка 4 орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү