Кужело Эрнест Францевиц (1890-1934) - Орто Азияда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшүүчүсү.

Ал (1890, Австрия-Венгрия, Кутенберг шаары — 1934, Николаев шаары) — Түркстан АССРиндеги Граждандык согуштун баатыры, СССРде социалисттик курулушка активдүү катышкан. Улуту чех. 1918-жылдан КПСС мүчөсү. 1914-ж. орус армиясына өз ыктыяры менен өтүп, чех-словак корпусунда революциячыл иштерди жүргүзгөн. Бобруйск жумушчу жана солдат депутаттар советинин председатели, ошол эле мезгилде Советтик аскер секциясынын председатели (1917). 1918-жылы августта Кокондогу чет өлкөлүк коммунисттер камитетинин председатели, З-Интернационал атындагы бириккен отряддын командири. 1919-жылы сентябрда Анжиян-Ош согуш районунун командачысы, декабрдан Фергана өзүн чө атчандар бригадасынын командири 1920—21-жылдар М. В. Фрунзенин буйругу боюнча корпусунун командачылыгы менен Фергана атчандар бригадасы басмачыларды, Бухара эмирдигинин аскерлерин жана контрреволюциячыларды талкалоого катышкан. 1921—23-жылдары 1-Фергана ай- мактык атчандар полкуна, Ош уездинин Өзгөн-Алай тоолуу районунда тапшырма менен жүргөн өзгөчө бөлүктөргө командалык кылган. 1924-жылдан СССР революциячыл аскер советинде, Бүткүл россиялык эл чарба советинде жооптуу кызматтарда иштеген. Николаев кеме куруу заводунун директору. Ленин ордени, эки Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1914-ж орус армиясына өз ыктыяры менен туткунга түшүп,чех-словак корпусунда революциячыл иштерди жүргүзгөн. Бобруйск жумушчу жана солдат депутаттар советинин төрагасы, 1918-ж августтан Кокондогу чет өлкөлүк коммунисттер комитетенин төрагасы, 1919-ж декабрдан Ферганага өзүнчө атчандар бригадасынын командири болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Урстанбеков.Б,Чороев.Т "Кыргыз тарыхы"энциклопедиялык сөздүк-Б,1990.