Кузгун таш мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу цирк тибиндеги мөңгү. Фергана тоо тизмегинин түн.-чыгыш капталында. Уз. 2,7 км, аянты 3,2 км2.

Арпа суусунун (Алабуганын негизги курамы) сол куймасы Кузгунташтын төрүнөн орун алган. Алабуганын алабында жайгашкан мындай типтеги жалгыз мөңгү. Башы деңиз деңг. 4680 м, этеги 4000 м бийиктикте. Негизинен бир калыпта өлчөмүн өзгөртпөй жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2