Кузнецов бутак муруттуу таарыгычы

Кузнецов бутак муруттуу таарыгычы (Megalodontes (Rhipidioceros) kuznetzovi), (Dovnar-Zapolskij, 1930) - Байыркы – реликт тукумунун Орто Азиядагы алты түрүнүн бири (Кыргызстанда 2–3 түрү бар ). Түр региондогу жаргакканаттуулардын ичинен эң тар ареалдуу . Зоогеография жана генофондду сактоо аспектилери боюнча мааниси чоң.

Түрдүн жетилген стадиясынын сырткы түзүлүшү түзөтүү

Узундугу 13,5–15,2 мм денеси бир топ куушураак, чымыр таарыгыч. Башы чоң, үстү чекиттелген. Чайнагычтары кенен жайгашкан, узун. Мурутчалары сары, узун тарактай чыбырткыларлуу, эркектеринин өсүндүлөрү өнүккөн жана каралжын. Үстүнкү аркасы кыска, көкүрөгүнүн үстү жыш, одурайган чекиттүү. Буттары ичке, сары. Канаттары саргыч- кызгылт тарамдуу, жогору жагында күңүрт темгили бар. Курсагынын узундугу турасынан 1,7–2,0 эсе узун, ургаачысыныкы жазы, эркегиники ичке, созулган, жылтырак. Жумуртка салгычы өтө кыска. Эркегинин церкасы чоң. Денесинин түсү жалпысынан буктөмө канаттуулардын түсүнө окшоп өзгөрөт, үстү кара, бет жагында, чыкыйында ачык сары темгилдүү, кээде маңдайында узунунан кеткен тилкечесинин ортосунда 2 жүп тагы жана үзүлгөн жазы четки тилкелери курсак тергиттеринде жайгашкан.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Ареалы бөлүнгөн аралчалардан турат. Негизги экөө Талас өрөөнүнүн батышында: Кыргыз кырка тоолорунун түндүк бетинде (Казакстандын аймагындагы Аксу-Жабаглы коругунда жана Кыргызстан менен Казакстан чектешкен жерлеринде): дагы бир обочолонгон популяциясы Өзбекстанда Пскем дарыясынын капчыгайынын оң жагында табылган . Или Алатоо кыркаларында көрсөтүлүшү жаңылыштык.

Жашаган аймактары түзөтүү

Деңиз деңгээлинен 1200–1400 м бийиктикте, нымдуу тоо этектеринде жыгач- бадал биотопторунда кездешет. Мурда түр жапыз тоолордун бузулбаган жерлеринде жашаган болуш керек, себеби боздоң талаалардын байыркы фаунасынын өкүлү катары эсептелген .

Саны түзөтүү

Өтө төмөн. Маршруттук каттоолордо 10–15 км жерде бир эле өсүмдүктүн гүлдөрүндө бир мезгилде тамактанып жатышкан 4 экз. чейин имаголор катталган. Ал эми кайталанган каттолордо таарыгычтар кездешкен эмес (көлөмүнүн чоңдугуна жана түсүнүн ачыктыгына карабастан) . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Личинкасынын биологиясы M. kuznetzovi изилденген эмес, кыштоочу фазасы белгисиз. Түр моновалңтивдүү болсо керек, личинкалары руталар (Rutaceae уруусу) тукумундагы өсүмдүктөрдө өнүгөт . Имагосунун учуусу майдын ортосунан июндун аягына чейин, учуулары, көңүлдөнбөгөндөй начар, өсүмдүктөрдүн гүлдөрүндө тамактанышат (Prangos pabul aria, Ferul a spp. ) .

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түрдүн табигый сейректиги жердеген жерлеринде малдын көп жайылышы, чөп чабуу жана пестициддерди иштетүүнүн натыйжасында байыркы ареалынын бузулушу (популяциялардын бытыранды болуп кетиши имбридингдин себебинен тукум курут коркунучу) ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө болгон сезгичтиги жана стенобионттуулугу. Андан башка чыйырчыктарынын (Acridothestes t r i st i s) алардын аарыга окшогон мимикриялык түсүнө карабастан чокуп жеп кетиши .

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Жүргүзүлгөн эмес.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Азыркы убакта Кыргызстанда корголбойт. Жашаган жерлери формалдуу түрдө Аксу-Жабаглы коругу (Казакстан) жана Чаткал-Угам жаратылыш резерватынын коргоосунда.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Түрдүн жердеген жерлеринде өсүмдүктөрдү комплекстүү коргоо (аянттарды айыл-чарбасына интенсивдүү пайдаланууну төмөндөтүү), микрозаказниктерди уюштуруу, ал жерлерде уу химикаттарды пайдаланууну толугу менен тыюу салуу, имаголануу алдындагы фазасынын биологиясын, микроклиматка багынычтуулугун тактоо, саны боюнча мониторинг жүргүзүү жана личинкалары өнүккөн өсүмдүктөрдү атайлап отургузуу мүмкүнчүлүгүн кароо талапка ылайык.

Статусу түзөтүү

II категория (VU B1ab(iii)+2ab(ii,iii,iv); D2; E). Сейрек тар локалдуу Батыш Тянь-Шандын эндемиги, популяциялардын санын азайышы өтө кооптуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү