Куйто көлдөрү
Куйто көлдөрү, Жогорку Куйто, Ортонку Куйто, Төмөнкү Куйто — Карел Республикасынын түндүк-батышындагы 3 көл. Жалпы аянты 600 км2дей. Бири-бири менен салаалар аркылуу туташат. Эң терең жери 44 м (Жогорку Куйтодо). Ноябрда тоңуп, майда ачылат. Көлдөрдөн Кемь дарыясы башталат; 1956-жылдан суу сактагыч.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9