Кукеев Адылбек 1958-жылы 29-май Сузак районунундагы Октябрь кыштагында туулган.

  • 1975- жылы У. Абдукаимов атындагы орто мектепти,
  • 1981- жылы Кыргыз Мамлекеттик Дене тарбия институтун,
  • 1989-жылы Ички Иштер академиясын бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1975-1977-жылдары Фрунзе шаарында ПМКда жумушчу болуп иштеп баштаган.: 1981-84-жылдары Кыргыз ССРнин Мамлекеттик Спорт агенттигинде башкымашыктуруучу,
  • 1984-85-жылдарыСузакрайондук спорт комитетинин төрагасы,
  • 1985-86-жылдары Кыргыз ССРнин Спорт агенттигинде башкы машыктуруучу,
  • 1986 жылдан 2008 жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинде инспектордук кызматтан баштап, башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси кызматтарында иштеген.
  • 2008-10-жылдары КРнын Адилет Министрлигинде атайын дайындалган отряддын командири болуп иштеп, учурда КРнын Мамлекеттик Дене тарбия жана Спорт агенттигинде ага усулчу болуп эмгектенет.
  • КРсында биринчи жолу волейбол боюнча Эл аралык даражадагы калыс наамынын ээси, КРнын эмгек синирген машыктыруучусу, КРнын билим берүү, дене тарбия жана спорт, ошондой эле ИИМдин отличниги.
  • КРнын ИИМнин, Адилет министрлигинин, Билим беруу жана Илим министрлигинин, Омбудсмен Институтунун, ошондой эле КРнын Президенттин ардак грамоталары менен сыйланган.
  • Милициянын полковниги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3