Кулак — уктуруучу жана тең салмактуулукту сактоочу орган. Ал үч бөлүмдөн: сырткы, ортоңку жана ички кулактан турат.

Кулак

Кулактын анатомиясы

түзөтүү

Сырткы кулак

түзөтүү

Сырткы кулак калканынан жана сырткы угуу өткөөлүнөн турат. Угуу өткөөлү тереңдеп чыкый сөөгүнө кирет. Анын узундугу 2,5 см-келип, кемирчек жана сөөк бөлүгүнөн турат. Сырткы угуу түтүгүнүн ички бети тери менен капталган. Ал териде майда түктөр жана кулку бөлүп чыгаруучу бездер бар. Сырткы угуу өткөөлүнүн түбүндө чың керилип турган жаргагы — тарсылдак жайгашкан. Ал сырткы кулакты ортоңку кулактан бөлүп турат. Кулак калканы жумшак жана жука кемирчектен турат да, сыртынан тери менен капталган. Ал түзүлүшү боюнча бир топ жылга кырчадан, ойдуңча жана дөңчөлөрдөн турат. Кулак калканы абадагы үн толкундарын тосуп алып, сырткы угуу өткөөлүн карай жиберет. Үн толкундары угуу өткөөлүнүн түбүндөгү керилип турган тарсылдак жаргакка барып урунуп, аны дирилдетип кыймылга келтирет.

 
Кулак: 1—кулак калканы; 2—сырткы угуу өткөөлү. 3—балкача; 4— дөшүчө; 5— жарым тегерек канал; 6— үзөңгүчө; 7— үлүлдүн бөсогосу; 8— үлүл; 9— евстахий түтүгү; 10— тарсылдак көңдөйү; 11— тарсылдак.


Ошентип, үн толкундары канчалык бийик болсо, тарсылдак жаргак ошончолук бачым дирилдейт.

Ортоңку кулак

түзөтүү

Ортоңку кулак тарсылдактын арт жагында болот. Ал тарсылдак көңдөйүнөн жана бири-бири менен муундар аркылуу байланышкан үч кичине сөөктөн турат. Тарсылдак көңдөйүнүн ички көлөмү 1 см3 келип, былжырлуу кабык менен капталган. Тарсылдак көңдөйү өзүнүн алдыңкы керегесиндеги ичке түтүк (евстахий түтүгү) аркылуу кулкун менен туташат. Ошондуктан ушул ичке түтүк аркылуу кулкундан тарсылдак көңдөйүнө дайыма аба кирип, анын ичиндеги басымды сырткы басым менен теңдештирип турат. Кишинин тамагы ооруганда ушул эле ичке түтүк аркылуу жугуштуу микробдор тарсылдак көңдөйүнө өтүп, ортоңку кулакты оорутат, ал турсун ириңдетип да жиберет.

Тарсылдак жаргактын арт жагындагы тарсылдак көңдөйүнүн ичинде уктургуч сөөкчөлөр — балкача, дөшүчө жана үзөңгүчө жайгашкан. Балкача тарсылдак менен жалгашкан, ал эми үзөңгүчө болсо сүйрү көзөнөктү кымтып туруучу чоюлма жаргакка келип такалат. Ал эми ал сүйрү көзөнөктүн ары жагында ички кулак орун алат. Тарсылдак жаргактын дирилдөөлөрү балкача, дөшүчө жана үзөңгүчө аркылуу сүйрү көзөнөктүн жаргагына өтөт. Ушул уктургуч сөөктөрдүн таасиринде үн толкундарынын агымы азаят, бирок күчү көбөйөт.

Ички кулак

түзөтүү

Ички кулактын түзүлүшү эң татаал. Ал баш сөөктүн ичине кирип турган чыкый сөөгүнүн тереңинен орун алган. Ички кулак көңдөйлөр менен ийри-буйру түтүктөрдүн кошундусунан турат. Алар сыртынан сөөк, ал эми ичинен жаргактуу лабиринт аркылуу ажырайт. Бул эки лабиринттин ичи лимфа суюктугу менен толгон. Ички кулак өзүнүн аткарган милдетине жараша эки бөлүктөн турат. Анын уктуруучу бөлүгү эки жарым эсе оролуп, кадимки эле үлүлдү элестетет. Анда кишинин тең салмактуулугун сактоочу вестибуль аппараты жайгашкан. Ал далисчеден жана үч жарым түтүкчөдөн турат.

Үн уктургуч сөөктөрдүн толкуну ички жана ортоңку кулакты бөлүп, сүйрү көзөнөктү жаап турган жаргакка урунат. Ал эми бул жаргактын толкуну акыры ички кулакты толтуруп турган лимфа суюктугуна өтөт. Ал суюктук кыймылдап, толкуй баштайт. Толкуган суюктук үлүлдүн ичинде жайгашкан кабыл алуучу рецепторлорду дүүлүктүрөт.

Үлүлдүн ички түтүгүн узата бойлоп жаргак тосмо өтөт. Ал тосмо түтүктү эки кабатка бөлөт. Тосмонун бир бөлүгү кадимки кыл сыяктуу керилген ар кандай узундуктагы ички талчалардан турат. Алардын саны болжол менен 24 миңге жетет. Эң узун талчалар үлүлдүн чокусунда болот. Үлүлдүн түбүн карай ылдыйлаган сайын талчалар улам кыскара берет. Талчаларга толкунду кабыл алуучу (сездиргич) клеткалар — уктургуч рецепторлор таянат. Үлүлдү толтуруп турган суюктуктун толкушу кабыл алуучу клеткаларды дүүлүктүрөт. Бул дүүлүгүүлөрдүн таасири астында кабыл алуучу рецепторлордо туюнуулар пайда болот. Андан ары ал туюнуулар уктургуч нерв аркылуу мээдеги угуу борборуна жетет (Угуу макаласын).

Угуунун бузулуусу

түзөтүү

Кулактын ар кандай бөлүгүнүн сезгенүүлөрү убактылуу же такыр укпай калууга алып келет. Мурундун жана мурун-алкымдын ооруларында евстахий түтүгү сезгенип, натыйжада тарсылдак көңдөйүнө абанын кирүүсү кыйындайт да, үндүн өтүшү бузулат. Евстахий түтүгүнүн узакка сезгенүүсүнөн ортоңку кулакта жабышуу жана тырык пайда болуп, каңырыш угууга алып келет. Ошондуктан мурун-алкымдын сезгенүүсүндө же өнөкөт мурун бүтүүдө сөзсүз догдурга көрүнүү зарыл. Бул бала кезде өзгөчө мааниге ээ. Балдардын угуусун көбүнчө аденоиддер начарлатат. Кээде баштын урунуусунан, баш сөөгүнүн жабыркоосунан, мээ кабыгынын сезгенүүсүнөн (менингит) же мээ кан тамырларынын склерозунан угуу бузулат.

Угуу өткөөлүнүн бузулуусунда, мисалы, кулку толуп, такыр бүтөп каңырыштанышы мүмкүн, бирок кулкуну тазалагандан кийин угуу калыбына келет. Кулактын ичине кокусунан бөтөн заттар — курт-кумурска кирип кетет же кулакты тазалаган кебездин үзүндүсү жана башка калып калышы мүмкүн ( Бөтөн нерсе).

Дүлөй болуп калуу көбүнчө ортоңку кулактын сезгенүүсүнөн (Отит) угуу нервдери жапа чеккенде болот. Кулактын өнөкөт ооруларында (ириңдүү жана ириңсиз) угууну сактоо же жакшыртуу үчүн узакка дарылоо талап кылынат. Жугуштуу ооруларда ортоңку кулак эле эмес, ички кулак, угуу нервдери же угуу борбору жапа чегиши мүмкүн. Бул бала кичине кезинде, айрыкча тили чыга электе же жаңыдан сүйлөй баштаганда (угуу бузулса тили кеч чыгат) опурталдуу. Башты уруп алганда (айрыкча балдар) мээ жеңил чайкалса деле кээде дүлөй болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өз убагында жана туура дарылануу зарыл.

Караманча дүлөйлүктү (же дүлөйдудуктукту) дарылоо кыйын. Дарылоого карабай дүлөй же каңырыш уккан балдарды дүлөйлөр же дүлөй-дудуктар үчүн атайын балдар мекемелерине жайгаштыруу керек. Капысынан дүлөй болгондо атайын уктуруу көнүгүүлөрүн жасоо жардам берет.

Кесипке байланыштуу укпай калуу адатта өндүрүштүк ызы-чуунун жана термелүүлөрдүн (дирилдөө) таасиринен пайда болот. Муну алдын алууда технологиялык процесстеги ызы-чуу менен термелүүлөрдү азайтуучу чаралар айрыкча мааниге ээ. Кулагынын угуусу төмөндөп бараткан киши андан ары күчөп кетпес үчүн ызы-чуусуз ишке өтүүсү талап кылынат. Дарылоо жардам бербей кулак таптакыр укпай калса угузуучу аппараттар колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8