Кулешов Аркадий Александрович

Кулешов Аркадий Александрович [24. 1(6. 2). 1914-жылы туулган, Могилёв облусу, Костюков району, Самотевич айылы] — беларус эл акыны (1968). Чыгармачылыгы 1926-жылдан башталган. Чыгармаларынын негизги темасы — Улуу Ата Мекендик согуштагы элдин эрдиги. Ал — «Баранов Василий» (1937), «Эмен токоюнда» (1939), «Бригаданын туусу» (1943; СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1946), «Цимбалдар» (1945), «Жаңы нук» (1948; СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1949), «Карапайым адамдар» (1949), «Катаал чытырман» деген поэмалардын, «Күн үчүн, ырлар үчүн...» (1932), «Жаңы китеп» (1964), «Кызыл карагай жана кайың» (1970) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Эки Ленин, башка 2 орден жана медалдар менен сыйланган.

Аркадий Кулешов

Колдонулган адабияттар түзөтүү