Кулжа-Эмбес көмүр кени - Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тарамында, Он-Кара-Айры (Көгарт суусунун сол куймасы) — Талды-Суу (Жазы суусунун оң куймасы) сууларынын аралыгында.

Кен 1928-жылдан белгилүү. 1944- жана 1988-жылдары издөө, 1991—93-жылдары чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Юра катмарынын көмүрлүү туюк свитасында 6 кабат жана кабатчалар бөлүнгөн. Анын ичинде экөө өнөр жайлык мааниге ээ. Бул кабаттардын калыңдыгы 0,3 мден 4,35 мге чейин өзгөрөт. Сапаты боюнча көмүрдүн болжолдуу маркасы узун жалындуу (Д). Күлдүүлүгү 7,85%тен 33,26%ке чейин. орточо күйүү жылуулугу 25,5 МДж/кг. Болжолдуу ресурсу 11,6 млн тонна. Түштүк-чыгыш бөлүгүнүн ачык казып алууга жарамдуу бекитилген запасы 286 миң тонна. Түндүк-чыгыш участкасынын бекитилген запасы С2 категориясы боюнча 144 миң тонна. Кенден кичи ишканалар көмүр казып алууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү