Кулжа төр мөңгүсүКакшаал кырка тоосунун түн. капталындагы төр-өрөөн тибиндеги мөңгү.

Ак-Шыйрак суусунун оң куймасы Бозжалпактын алабында жайгашкан. Аянты 3,3 км2, уз. 3,9 км. Башы деңиз деңг. 4658 м, этеги 3870 м бийиктикте. «Тилинен» төмөн жаңы морена жатат. Мөңгүдөн Бозжалпактын оң куймасы Кулжатөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2