Кулжыгач Кудайберди уулу

~Кудайберди уулу Кулжыгач бий — Чекир Молдонун небереси, Кудайберди уулу  Кулжыгач өз заманында журт башкарган кутмандуу бий болгон.  Тарых барактарынын бүктөмдөрүн ачып, сүрүштүрүп көрсөк, туулган жылы болжол менен  1590-1670 жылдар аралыгында жашаган инсан. Ал Түгөлдүн Сайынан Кабак, Толук, Суусамырга чейинки элди башкарган. Баатыр да болгон.

1828-жылга чейин ошол аймактагы эл - «кулжыгач эли», 1898-ж. орус падышачылыгы жүргүзгөн жер-суу реформасынан кийин «Кулжыгач болуштугу», 1934-жьшга чейин «Кулжыгач айылы» аталган. Эл оозунда анын калмак баскынчыларына каршы баатырдык менен күрөшкөнү көп эскерилет. Кулжыгач бийдин доорунда калмактар кыргыз-казактарга кол салып, чабуул коюп башташкан. Кулжыгач чекир саяк уруусунун башында туруп, калмактар менен болгон бир нече жолку согуштарга катышкан. Ал чабыштардын бири Ат-Башыда болгон. Чериктердин бийи Акмат бий  ошол согуштан кийин Кулжыгач бийге ыраазычылык иретинде иниси Намазбектин кызы Супкананы жубайлыкка берген. Кулжыгач бийдин  тушунда Кыргызстандын түндүгүн: Жолболду бий, Акмат бий, Чаа бий, Калча бий, Каракүчүк, Койсары бий дегендер башкарып турушкан.

Кулжыгач бийдин байбичеси (Күрүчбектин кызы) Сейнептен: Караболот, Шаболот, Алыке, Коюке деген уулдар туулган. Ал эми Супкана деген экинчи аялынан: Сүтэмген, Итэмген деген эгиздер. Экөө өз заманыда калмактарга каршы күрөшкөн элдик баатырлар болгон. Эгиз баатырлар Анжиян тараптан жолборс чабышкан.


Колдонулган Адабият: Тоголок Молдонун санжырасы. Кыргыздар-2. “Кыргызстан басмасы” - 1993-жыл. Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл.