Кулиев Ашыркул Тоникулович
Кулиев Ашыркул Тоникулович (2.11.1958-ж.т., Каныш-Кыя айылы) - коомдук ишмер.
- Кыргыз айыл чарба институтунун зооинженердик факультетин бүткөн (1980).
- 1973-74-жылдары «Чаткал» совхозунда башкы чабан,
- 1980-90-жылдары Чаткал райондук айыл чарба башкармалыгында улук, башкы зоотехник - мал чарбасы боюнча топтун жетекчиси,
- 1990-92-жылдары “Башкы-Терек” совхозунун партиялык комитетинин катчысы,
- 1992-96-жылдары Чаткал райондук мамлекеттик администрацияда инструктор-референт, аппарат башчысы,
- 1996-2001-жылдары Беш-Арал мамлекеттик коругунун директору,
- 2001-02-жылдары Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн төрагасынын орун басары,
- 2002-08-жылдары райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын директору,
- 2008-11-жылдары райондук кеңештин башкы адиси болуп иштеген.
- 2011-жылдан Борбордук шайлоо комиссиясынын Чаткал аймактык өкүлү.
- «Эмгектеги артыкчылыгы» (1986) медалы, облустук, райондук администрацияларынын “Ардак грамотасы” менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6