Кулку — теринин май бездери бөлүп чыгарган заттан жана теринин өлүк клеткаларынан турган өзгөчө кошулма.

Кулку.

Сырткы угуу өткөөлү ичке жана ийри болуп, анын капталын цемент жана ун чаңдары жана башка дүүлүктүргөндө Кулку чогулат. Адегенде жумшак болуп, бара-бара катууланат. Ал саргыч же күрөң түстө болот. Эгерде Кулку өтө көп чогулуп, угуу жолун бүтөп калса, жакшы укпай калат жана кулакта өз үнү жаңырат. Бул кулакка суу киргенде же кулакты ширеңке менен чукуганда капысынан болот. Эгерде Кулку угуу өткөөлүнүн капталын жана тарсылдакты кысса жөтөлүп, кулагы чуулдап, башы айланышы мүмкүн.

Мындай учурда врачка кайрылуу керек. Чогулган Кулкуну адегенде жумшартып, анан тазалайт. Мында Кулку көөп, угуу абдан начарлайт. Андан коркпоо керек. Кулкуну өз алдынча чукулап алып таштоого аракеттенүү жарабайт, себеби тарсылдакты жана сырткы угуу өткөөлүн жабыркатып алуу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8