Кулмамбетов Нурдин
Кулмамбетов Нурдин - 1966-жылы 15-июнда Октябрь кыштагында туулган.
- 1983-жылы Макаренко орто мектебин, ошол эле жылы күз айында Ош шаарындагы ДОС ААФтын айдоочу кесибин ийгиликтүү аяктаган.
- 1984-жылы 27-октябрда Советтик Армиянын катарына чакырылып,
- 1985-жылдын 2-февралына чейин даярдоо бөлүгүндө кызмат кылып, андан кийин Афган Эл Республикасынын борбору Кабул шаарына кызматка жөнөтүлөт.
- Аскердик кызматын татыктуу өтөп,
- 1987-жылы 7-февралда үйүнө кайткан.
- Афган жеринде кылган кызаты үчүн 1 орден 8 медаль менен сыйланган.
- Үй-бүлөлүү.
- Учурда курулуш иштери менен алектенет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3