Кулманбетов, Асанбек Осмонович
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Асанбек Осмонович Кулманбетов
Туулган жылы: 20.05.1964-жыл
Туулган жери: Миң-Булак айылы, Тянь-Шань району, Кыргызстан
Өлгөн жылы: 25.03.2009-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Сөөгү: Бишкек шаарынын, Ала-Тоо жаңы конушунун көрүстөнүнө коюлган, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, журналист

Кулманбетов, Асанбек Осмоновичжазуучу, журналист (1964 - 2009)

Өмүр жолу түзөтүү

Кулманбетов Асанбек 1964-жылы Тянь-Шань районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин аймагында, Көңдөй жаздоосунда туулган.
1981-жылы мурдагы В.Куйбышев атындагы колхоздун (Миң-Булак айылдык округуна кирген азыркы Таш-Дөбө айылы) аймагына жайланышкан Актан Тыныбеков атындагы орто мектепти аяктап, 1982–1984-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Армиядан келгенден кийин колхоздо ар кыл кызматтарда иштеген.
Чыгармачылык жолун 1993-жылы “Жаш ленинчи” журналында штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштөөдөн баштаган. Ага чейин эле А. Кулманбетовдун кабарлары облустук жана республикалык гезиттерге жарыяланып тургун.
Ал 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
1997–2006-жылдары “Кыргыз Караван”, “Адабий гезитте” жооптуу редактор
2006–2008-жж. “Жаңырык”, “Апта” гезитинде жооптуу катчы
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун “Кыргыз адабияты” гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп келген.
А. Кулманбетовду бүтүндөй кыргыз окурман журтуна таанымал кылган анын “Көркоонун тукумдары” чыгармасы.
Бул чыгарма 1997-жылдан тартып “Кыргыз Караван” гезитинин ар бир санына үзгүлтүксүз жарыяланып турган.
А. Кулманбетов 2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2009-жылы, көзү өткөндөн кийин А. Кулманбетовдун "Таштанды кыз" повестинин негизинде толук метраждуу "Таштанды кыз" көркөм фильми тартылган.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде
Көркоонун тукумдары: Роман (1-китеп). – Б.: Бийиктик, 2001. – 160 б.
Көркоонун тукумдары: Роман (2-китеп) . – Б.: Турар, 2003. – 160 б.
Көркоонун тукумдары: Роман (3-китеп). – Б.: Фиеста Бланка, 2006. – 160 б.
Көркоонун тукумдары: Роман/толукталып чыгарылышы. – Б.: Жанызак басма, 2007. – 320 б.
Таштанды кыз: Повесть. – Б.: Турар, 2002, 2008. – 167 б.
Киши жегич кемпир: Повесть. – Б.: Фиеста Бланка, 2004. – 160 б.
Ит ээрчиткен сырдуу кемпир: Повесть. – Б.: Фиеста Бланка, 2004. – 160 б.
Түштөгү сүйүү: Аңгемелер жыйнагы. – Б.: Фиеста Бланка, 2004. – 160 б.
Талкаланган тагдыр: Повесть. – Б.: Фиеста Бланка, 2004. – 160 б.
Тукум улаган кылмыш: Повесть. – Б.: Фиеста Бланка 2006. – 160 б.
Алмашылган балдар: Повесть. – Б.: Фиеста Бланка, 2008. – 160 б.

Сыйлыктары түзөтүү

2006-жылы “Калемгер” адабий чыгармачылык ийриминин мыкты аңгемелер боюнча сынагында байгелүү орунга ээ болгон.
Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернет шилтемелер түзөтүү