Кулубаев Артык Токумович

Кулубаев Артык Токумович (18. 10. 1967-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - коомдук ишмер.

Жеке ишкерлик менен да алектенет. Орто мектепти 1984-ж. аяктаган. Андан соң Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1985-87). Бишкектеги С. Чокморов атындагы көркөм кол өнөрчүлүк окуу жайын (1993) жана И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин география факультетин сырттан окуп бүтүргөн (2010).

Эмгек жолун 1993-ж. Түркмөн орто мектебинде мугалим болуп баштаган. 1999-жылдан эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге коомдук иштерде алектенет. ПРООНдун жакырчылыкты жоюу программасы боюнча айылдык лидер болгон. Кызыл-Ой кыштагындагы кароосуз калган клубду өз каражатына ремонттоп, элдин кызматы үчүн пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Эмерек ремонттоп жасоочу цех уюштуруп, иштетип келет.

Кийинчерээк дагы бир эскирип калган имаратты оңдоп, айылдык ресурстук борборду Суусамыр өрөөнүндө биринчилерден болуп ачкан. «Кызыл-Ой» айылдык бирикмесинин жетекчиси (2004), ошол эле жылы «Кызыл-Ой» коомдук бирикмесинин уюштуруучусу, айыл туризми тобунун координатору (2005), Суусамырдагы Кызыл-Ой айылдык АРИС программасы боюнча төрага (2006), Суусамырдагы жайыттарды жакшыртуу долбоорунун айылдык мобилизатору болуп шайланат, алыскы жайыттар кеңешинин мүчөсү (2008).

Фельдшер-акушердик пунктун ремонттолушуна да өз салымын кошуп, фото салон ачууга көмөктөшкөн. Айылдын коомдук иштерийе активдүү катышып келет. Ал Суусамыр айыл өкмөтүнүн, Жумгал райондук жана Чүй облусгук акимчиликтердин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9