Кулубаев Жээнбек Молдоканович

Жээнбек Кулубаев (1963-жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл облусунда туулган) — кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмер, дипломат, 2022-жылдын 22-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр кызматын аркалайт. Бул кызматка чейин Кыргызстандын дүйнөдөгү элчиликтеринде жооптуу кызматтарды аркалаган.

Жээнбек Кулубаев
Кулубаев Жээнбек Молдоканович
Жээнбек Кулубаев
Желек
Желек
Кыргызстандын тышкы иштер министри
желек
желек
 29.04.2022
Өкмөт башчысы: Акылбек Жапаров
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Казакбев Руслан Айтбаевич
Кыргызстандын Казакстандагы элчиси
2018 — 2021
 
Туулган жылы: 5 -апрель 1963(1963-04-05) (61 жаш)
Туулган жери: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Чырпыкты айылы
Билими: 1) Москва Аскер институту

2) Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институту

Кесиби: дипломат

1963-жылдын 5-апрелинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган.

Москва Аскер институтун жана Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун аяктаган.

Жетишкендиктер тизмеси: түзөтүү

  • 1992-1996-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан өлкөлөрү боюнча департаментинин экинчи катчысы, биринчи катчысы, кеңешчиси;
  • 1996-1998-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы;
  • 1998-2001-жылдары - Кытайдагы элчиликте кеңешчи;
  • 2001-2003-жылдары - Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү бөлүмүнүн башчысы,
  • 2003-2004-жылдары - Тышкы иштер министринин орун басары;
  • 2004-2007-жылдары - Шанхай кызматташтык уюмунун жооптуу катчысынын орун басары;
  • 2007-2009-жылдары - Малайзиядагы элчиси;
  • 2009-2013-жылдары - Кытайдагы элчи;
  • 2010-2013-жылдары Монголия жана Сингапурдагы толук эмес элчи;
  • 2013-2016-жылдары - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору.
  • 2016-жылдан 2018-жылдын октябрына чейин – КР Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору.
  • 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын августуна чейин Казакстандагы элчиси;
  • 2021-жылдын августунан 2022-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы.

2022-жылдын 22-апрелинен тартып КР Тышкы иштер министрлигинин Министрдин милдетин аткаруучу жана 2022-жылдын, 29-апрелден баштап Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри.

Сыйлыктары түзөтүү

  1. II даражадагы «Даңк» медалы
  2. «Достық» ордени (Казакстан Республикасы)

Булактар түзөтүү