Бөкөнбаев Кулубек Жоомартович

Кулубек Бөкөнбаев‎»‎ барагынан багытталды)

Бөкөнбаев Кулубек Жоомартович (1940-ж. т., Фрунзе ш.) – геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1993). КРнын УИАнын корреспондент мүчөсү (1997). Москва геол. чалгындоо институтун (1963), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын бүткөн (1968). Кыргыз геол. башкармасында инженер геолог, КРнын УИАнын Геология институтунда илимий кызматкер, лаборатория жетекчиси, институттун директорунун илим боюнча орун басары, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министри, Кыргыз Республикасынын ЖКнин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген. Б. илимий иштеринин негизги багыты: петрология ж-а минералогия. Б. «Ардак Белгиси» ордени (1986), Кыргыз ССР ЖКнын Кыргыз Республикасынын Ардак Грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын кен байлыгы. Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7