Культивация
Культивация (латынча cultivo — иштетем, жерди айдаш) — эгилме өсүмдүктөрдүн катар аралыгын коңторбой жумшартып, отоо чөптөн арылтуу. Культивация негизинен өсүмдүк өнүп чыкканга чейин жүргүзүлүп, культиватор колдонулат. Нымдуу кыртышты культивациялаганда отоо чөптөр кайта жанданып, өнүп кетпесин үчүн культиватордун артына жеңил мала чиркелет, ал кыртыш катмарын бошотуп отоо чөптүн тамырын кыртыш үстүнө чыгарат. Культивациялоо топурактын аба, суу режимин, микробиол. процессин жакшыртат, отоо чөптү жок кылып, өсүмдүктүн өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Ал жумшак топурак катмарын пайда кылып, нымды сактайт. Культивация 8—10 см тереңдикте жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9