Kумай (лат. Gyps himalayensis, Hume, 1869):

Kумай.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Гималай, Гиндукуш, Тибет, Кунңлунң, Алтынтаг, Нанңшанң, Тянңшанң, Алай, Түркстан, Фергана, Кыргыз тоо кыркалары, Тескей, Алатоодо, Борбордук жана Ички Тянңшанң тоо кыркаларында кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Тянь-Шандын субалңпы жана алңпы алкактарында, жапайы туяктуулардын жашаган жана үй жаныбарларынын чогулган жерлеринде кездешет. Ачык зоолордо уялайт.

Саны түзөтүү

1980-жылдын аягында Тескей Алатоо жана Борбордук Тянңшанда кумайдын саны боюнча эсеп жүргүзүлгөндө, ал негизинен бийик тоолуу алкактарда 1-2 особдордон турганы белгилүү болгон (маршруттук эсептөөдө 1км2 0,1-0,9 особго жакын). 1992-жылы зоологиялык эларалык экспедициянын катышуучулары көбүнчө изилделген бийик тоолуу аймактан 13-55 особдорду каттоого алышкан. Анын көпчүлүгү 2130-2460 м бийиктикте, Ноокат районундагы Акжылга жайытында экен. Ошол жерде 28-сентябрда уялоочу колониянын четинде 26 куш байкалган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Отуруктуу куш. Жалгыздап же бир нече жуптарды түзүп, топтошуп уялашат. Уялоосунун биологиясы боюнча маалымат өтө аз. Марттан тартып балапандарын басышат. Май айында уясында 1 жумуртка табылган. 1992-жылы сентябрдын аягында Акжылга жайытында он чакты уясы менен жорунун колониясы табылган. Ошонун ичинен бирөөндө гана чоңойгон балапаны болгон, ага чоңдору тамагын ташыганы байкалган. Калган уяларда балапандары учууга жарап калган. Жору тарптар менен азыктанат. Көзү курч болгондуктан, бир эле учурда тарптын жанына 8-20 особго чейин чогулушу мүмкүн.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Негизги факторлордун бири жапайы жана үй жаныбарларынын тарптарынын бар же жок болушу. Ошондой эле карышкырларга салынган ууланган жемди жеп өлүшү. Кээде кишинин түздөн-түз кол салып, кырышы.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Зоопаркта оңой эле көбөйүшү болгонуна мисалдар бар. Кыргызстанда колдо багылбайт.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Кыргыз, Казак, Өзбек Кызыл китептерине киргизилген. Жумурият боюнча анчылыкка тыюу салынат.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Уялоочу колониялары жайланган жерлерди чакан заказникке айлантып, коргоого алуу зарыл. Ошондой эле кызыккан жергиликтүү адамдарды, кумайларды байкоого жайларды курууга чакырыш керек, ошону менен бирге алардын тынчтыгына кам көрүү. Андай кызыккан кишилер экологиялык турларды уюштурууга да салымын кошушат, атайын жем бере турган жерлерине өлүп калган малдын этин ташып турушат. Мындай иштен түшкөн каражаттардын бир бөлүгү фонддун эсебине түшүш керек. Массалык түрдө уялоочу жерлерин картага түшүрүү, көбөйүшүнүн биологиясын изилдөө, кумайдын ареалын тактап бөлүү, ак кажырдын таралган жерлери менен интеграциясын аныктап чыгуу, эки түрдүн ортосундагы карым-катнаштарды билүү, эки түрдүн ортосундагы аргындашууну каттоо.

Статусу түзөтүү

VII категория, Least Concern, LC. Монотиптүү түр. Кыргыз Республикасынын фаунасындагы уруунун тибеттен келип чыккан бир өкүлү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү