Кумамото

Жапониянын Кумамото префектурасындагы шаар
Кумамото шаары‎»‎ барагынан багытталды)

КумамотоЖапониядагы шаар. Кюшю аралында жайгашкан. Кумамото префектурасынын администрациялык борбору. Ширакава дарыясынынын чатында, Кюшю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 675,8 миң (2009). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. 16-кылымдын аягында негизделген. Мунаралуу капка (1607), будда храмы ж. б. сакталган. Текстиль, тамак-аш, химиялык, машина куруу, электр жабдуулары (күн батареяларын чыгаруучу завод), кагаз өнөр жай ишканалары, мөмө-жемиш менен жашылчаларды белендөөчү, фарфор жана жарым өткөргүчтөр өндүрүштөрү иштейт. Көркөм буюмдар да чыгарылат. Балык кармап, белендөө кеңири өнүккөн. Университеттер, лютеран колледжи, музейлер бар. Туризм өнүккөн.

Кумамото.

Колдонулган адабияттар түзөтүү