Кумарин

о-оксикорич к-тасынын лактону

Кумарин (2-хроменон) – о-оксикорич к-тасынын лактону С9Н6О2 мол. масс. 146,14; aчуу даамдуу, жаңы чабылган чөп жыттанган түссүз кристаллдар; балкып эрүү t 70оC, кайноо t 291оС (301-302оС); этанолдо (8 %, 20оС), диэтил эфиринде, эфир майларында эрийт; сууда начар эрийт (0,3 %, 20оС).

Щелочтор эритмесинде цис-2-гидроксикорич к-тасы тузуна айланат; щелочтор

м-н балкытып эритүүдөн ажырап, салицил жана уксус к-тасы туздарын пайда кылат; спиртте калыбына келтиргенде 3-(2-гидроксифенил) пропанолго айланат. Жумшак шартта катализдик гидрлөө менен – дигидрокумаринге, жарыкта – дикумаринге димерленет. К. (гликозиддер түрүндө) 70 жакын өсүмдүктөр курамына табылган лаванда, кассий жана башка эфир майларынын, труан бальзамынын курамында да болот. Ө. ж-да К. Na жана К. ацетаттары катышуусу менен салицил альдегидин уксус ангидриди менен конденсациялоо же жогорку басымда уксус к-тасынын эритмесинде Pd2+ жана Cu2+ ацетаттарынын катышуусунда фенолду акрил к-тасынын эфирлери менен аракеттендирүүдөн алынат. К. парфюмерияда ө. ж., тамекини ароматташтыруу да колдонулат тамак-аш азыктарын ароматташтыруу үчүн колдонууга тыюу салынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү