Кумзари́ (фарс. کمزاری‎) же лараки (لارکی) — Иран тили. Кумзари элинин эне тили. Бул Аравия жарым аралындагы жалгыз иран тили.

Расмий аталышы:

 کمزاری

Өлкөлөр:

 Оман

Аймактар:

Мусандам

Колдонгондордун жалпы саны:

2400~5000 адам

Статусу:

жоголу коркунучу алдында

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Индоевропа бүлөсү

индоиран бутагы
иран тобу
түштүк-батыш топчосу
Жазылышы:

жок

Тилдер коду
ISO 639-3:

zum

Тил алгачкы фарси тилинен келип чыккан жана Түштүк Белужистандагы минаби диалект болгон менен тыгыз байланышта. Лингвисттердин болжолу боюнча кумзари тили бул аймакта Ислам дооруна чейин эле тараган.
Тилдин лексикасы, грамматикалык жана синтаксистик түзүлүшүнүн көпчүлүгү ирандык, бирок күнүмдүк сүйлөөдө араб сөздөрдүн саны көп. Тилдин фонологиясы араб фонологиясына жакын.
Ethnologue боюнча кумрази тилинде 2400 адам сүйлөйт. Башка маалыматтар боюнча 5000 адам. Жаштар эне тилин эмес, араб тилин үйрөнүшөт.
Жазуусуз тил

Шилтемелер түзөтүү