Кумурачылык - гончардык өнөр. Кургатылган ылайды бышырып, түрдүү идиш, оюнчук, чырак, кирпич, черепица жана башкалар жасап чыгаруучу. Кумурачылык адамзат коомунда алгачкы неолит доорунда эле пайда болуп, адамга ысык тамак-аш бышырууга мүмкүндүк берип, жашоосун бир топ жеңилдеткен. Кумурачылык от сыяктуу эле адамзат коомундагы улуу ойлоп табуулар менен бир катарда турат. Кумурачылар ар бир элде ар кандай мезгилде, бирок бардык жерде жамаатчылык коом таптык коомго жол бошоткон мезгилде (алгач ирет тарыхта Байыркы Шумерде б.з.ч. 4- миң жылдыкта) пайда болгон. Кумура буюмдардын түрү жана формалары элдердин тиричилик маданият өзгөчөлүгүн чагылдырган. Буюмдарды ар кандай сүрөт, оймо-чийме менен кооздоо, жалтыратуу, чынылоо - элдик өнөрдүн маанилүү түрү. Карапа жасоо үчүн кумура очогу жана кумура чаркы колдонулат. Кумура очогу - кумура буюмдарын бышыруучу меш. Ал байыркы Чыгыш өлкөлөрүнө б.з.ч. 3-мин жылдыкта эле пайда болгон. Бир, эки же үч ярустуу ачык же жабык типтеги очоктор белгилүү. Кумура чаркы - идиштер жана башкалар карапа буюмдарын формалоо үчүн айлануу инерциясын пайдаланып, буюмдун формасын жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген жөнөкөй станок. Б.з. 5-13-кк. Энесай кыргыз каганатында да кумурачылык өнөрү, кол өнөрчүлүгү жогорку деңгээлде өнүккөн. Бул илимий адабияттарда атактуу «кыргыз вазалары» деген ат менен белгилүү. Бул кумуралар азыркы Хакасиянын аймагындагы Уйбат, Аскиз жана башкалар жерлердеги эстеликтерди археологиялык казуулардан соң табылган. Өтө сапаттуу жасалган кыргыз кумуралары жана аны жасоонун технологиясын соңку жүргүзүлгөн иликтөөлөр калыбына келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү