Кумыктар - Дагестандын аймагында жашаган түрк тилдүү калк. Айрым бөлүктөрү Чеченстан, Түндүк Осетияда жашашат. Кыпчак тилдеринин кыпчак-половец бутагында сүйлөшөт. Кумык тили буйнак, хайтак, хасавюрт диалектилерине бөлүнөт. Кумыктардын жалпы саны 300 миңден ашуун. Изилдөөчүлөрдүн пикирлеринде кумык этносу монгол чабуулуна чейинки кыпчак жана огуз урууларынын жуурулушунан соң калыптанган. Айрымдары «кумык» этнониминин келип чыгышын кимактар менен байланышта карашат. Диний ишеними боюнча мусулман-сунниттер. Кумыктардын материалдык жана руханий маданиятынан кыргыздар менен этногенетикалык жалпылыктарын байкоого болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү