Кум-Бел көмүр кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш тарамы, Кумбел тоосунда, Талдысуу менен Жылануюк суусунун жогорку агымынын аралыгында. Кен 1944-жылдан белгилүү. 1988–91-ж. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен көп кабаттуу. Юра катмарынын көмүрлүү туюк свитасында 51ге чейин кабаттар жана кабатчалар бөлүнгөн, алар негизинен 26 кабатка биригет. Алардын ичинен 13 кабат кеңири таралган. Кабаттардын калыңдыгы 0,09 мден 22,77 мге чейин. Сапаты боюнча көмүр биринчи газдуу (I Г) маркасына таандык, күлдүүлүгү 13,41%тен 19,85%ке чейин, орточо күйүү жылуулугу 29,35 МДж/кг (7012 ккал/ка) – 33,20 МДж/кг (7931 ккал/кг). Кендин Батыш Керегеташ участкасынын ачык жол менен казып алууга бекитилген жарамдуу запасы 11063 миң т. Жер астынан казып алууга жарамдуу бекитилбеген В+С1 категориясы боюнча запасы – 28778 миң т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү