Кум топурак
Кум топурак — өтө майда талкаланган кум менен топурактын аралашмасынан турган чөкмө тек. Өңү-түсү кум менен топурактын өңүнө жараша боз, саргыч боз болот. Цементтелген түрү алевролит деп аталат. Курулуш ишинде кеңири колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9