Кум шаары, Иран, Кум, Гом — Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кум останынын (провинция) администрациялык борбору. Кум дарыясынынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2009). Автомобиль жана темир жол тоому. Сасаниддер династиясынын ханы Кавад I тарабынан негизделген. Кум — мааниси жагынан 17-кылымдан мусулман шейиттердин Мешхедден кийинки 2-ыйык шаары. Шаарда 1980-жылдан аятолла Р. М. Хомейнинин резиденциясы (учурда музей) болгон. Фатима Масуме комплекси (16—20-кылым; Фатиманын мавзолейи менен), Хазрат Масуме, Азам (1996) жана Жамкаран (13—14-кылым, Кумга жакын жерде; зыярат кылуучу 2борбор) ж. б. мечиттер сакталган. Университеттер (1980; анын ичинде Тегерандагы Азад ислам университетинин филиалы), музей (1936), китепканалар бар. Нефть ажыратуучу, айнек, текстиль (кебез-кездеме, кыл торко, тигилүү кийимдер) ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн, килем токулат. Карапа буюмдар чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү