Кунан чабыш - кыргыз элинин байыркы улуттук оюндарынын бири.

Оюн мектептин аянтчасында, түз жерде көбүнчө майрамда, той – тамашада ойнолот. Оюнга 4 – 13 жаштагылар катышат. Көпчүлүк жарданып карап турат. Катышуучулардын саны чектелбейт. Уул балдар өзүнчө, кыз балдар өзүнчө бөлүнүшөт. Кээде аралаш ойногон учур да болот. Жарышууну баштоочу жер жана мара белгиленет. Чуркоо аралыгы 7 – 11 жаштагы балдар үчүн – 50 метр, кыз балдар үчүн – 45 метр, 12 – 13 жаштагы балдар үчүн – 100 метр, кыздар үчүн – 85 метр болгон. Калыс оюнчуларды эки жаатка бөлүп, жаат башчыларын дайындайт. Оюнчулар спорт кийимчен болот.
Калыс ар бир жааттан экиден оюнчуну чакырып, катарга тизет да, чуркоого белги берет. Оюнчулардын кимиси марага биринчи жетсе ошол жеңүүчү болот. Ошентип, оюн улантыла берет. Акырында кайсы жаатта марага биринчи келген оюнчулардын саны көп болсо, ошол жаат жеңишке ээ болот. Балдар жарышып бара жатканда бирөөнүн алдын торогон, түрткөн, этектен артка тарткан бала оюндан чыгат. Бул оюнду чоңдор “ кунан чабыш “ деп аташат.

Маалымат булагы: Токторбаев С. “ Өспүрүмдөр оюндары”.