Куну (лат. Castor, L. 1758) — сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү түрү. Сууда, кургакта жашайт. Денесинин Узундугу 1 м, куйругу 30 см, салмагы 30 кгга жетет. Куйругу жалпак, жүнсүз мүйүз сымал калканчалар менен капталган. Арткы буттарынын манжалары сүзгүч жаргакчалар аркылуу туташкан. Түсү кара-күрөң, саргыч-боз, кээде кара. Европа, Азия, Түндүк Америкада сакталган. Жай аккан, жээги бак-дарактуу токойлуу сууларда жашайт. Жоон дарактарды жыгып, бутактарын «кыйып», сууларга тосмо жасайт. Моногам, ургаачысы 3—4 бала тууйт. 35 жылга чейин жашайт. Териси кооз, жылуу, бышык болгондуктан баалуу.

Castor canadensis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү