Купон (УПАЙ) (фр. coupon – кесилүүчү талон) – көрсөтүлгөн мөөнөтү келгенде белгилүү бир өлчөмдөгү акча каражатына карата пайызын алуу укугун берген кесилген талон түрүндөгү баалуу кагаздын бир бөлүгү. К. адатта облигацияга тиркелет, кээде өзалдынча сатып алынат же сатылат. Кандай болгон күндө да, К. өзү тийиштүү болгон жана тийешелүү дарек-дайынды камтып турган облигацияга далдаштырылууга тийиш: карызкор фирманын аталышы, облигациянын аталышы менен номери, төлөй турган банктын аты, упай өлчөмү, катар номери, жарактуулук мөөнөтү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү