Куприт (латынча kuprum — жез), кызыл жез кен ташы — оксиддер кпассына кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Cu2O. Курамында 88,8% жез, 11,2% кычкылтек кездешет. Куб системасында кристаллданат. Өңүтүсү кызгылтым, бирок башка түстөр аралашып кубулжуп көрүнөт. Алмаздай күчтүү жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 3,5—4. Салыштырма салмагы 6,14. Жез кенинин кычкылдануу аймагында халькопирит, ковеллин, борнит ж. б. минералдардын өзгөрүп кетишинен пайда болот. Жез кени. Бирок жаратылышта ири кендерди пайда кылбайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү