Купуялык (англ. privacy) – жеке бир адамдын же топтун өздөрүн же алар тууралуу маалыматты катуу же көңүлдөрүнө жараша маалымат берүү мүмкүнчүлүгү. Купуялыктын чектери жана контенти маданияттарга жана кишилерге карата өзгөрөт бирок жалпы колдонулган темалары да бар. "Жеке" деген түшүнүк бир инсанга гана таандык жана ага маанилүү болгон нерсени билдирет. Купуялык домени коопсуздукту (жашырындык) толук эмес жаап калат, ал талаптагыдай колдонуу жана маалыматты коргоо концепттерин камтышы мүмкүн. Купуялыктын физикалык бүтүндүк формасы бар.

Өкмөт, корпорация же жеке кишилер тарбынан жеке жашоого санкциясыз кирүүгө кабылбоо укугу көптөгөн өлкөлөрдө купуялык мыйзамына кирет жана кээ бир өлкөлөрдүн конституцияларына кошулган. Дээрлик көптөгөн өлкөлөрдө купуялыкты кандайдыр бир жол менен чектеген мыйзамдары бар. Мисалы, салык мыйзамы жеке киреше же пайда тууралуу маалыматтарды талап кылат. Кээ бир өлкөлөрдө жеке жашоо купуялыгы жана сөз эркиндик мыйзамы бир-бирине каршы келиши мүмкүн, кээ бир мыйзамдарда, башка өлкөлөрдө жана маданияттарда жеке деп эсептелген маалыматтардын коомдун алдында ачуусу талап кылынат.

Купуялык өз эрки менен ачылышы да мүмкүн, мындай учурларда жеке адам өзгөчө кооптуулук жана жоготуулар менен өзүнө пайда көрүшү мүмкүн, ага карабастан, мындай жол адамдар мамилесинде эң стратегиялык жолу деп табылат. Изилдөөлөрдүн байкоосу боюнча адамдар жеке жашоо купуялыгын маалымат чогултуучунун керектүү гана маалыматты ачык-айкын чогултуп колдонгон учурларда гана өз эрки менен купуялыгын ачууга даяр болушат. Бизнесте адамдар кандайдыр бир байгеге ээ болуш үчүн жеке маалыматтарын өз эрки менен бөлүшүүгө даяр (өзүн таанытыш үчүн). Ошондой эле адамдар АКШнын баалуу кагаздар федералдык мыйзамы тууралуу ачык соода кылуучу компаниянын аткаруу бийлиги катары жеке маалыматары менен өз эрки менен бөлүшүшү мүмкүн. Акырында уурдалып же туура эмес колдонулган өз эрки менен бөлүшүлгөн жеке маалымат жеке маалыматтарды уурдоо катарына кирет.

Жеке жашоонун дүйнөлүк купуялыгы батыш маданиятынан чыккан, өзгөчө британиялык жана түндүк америкалык, заманбап түзүмү болуп саналат жана мурун кээ бир маданияттарда орун албаган кубулуш катары табылган. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн пикирлерине карата, бул концепт англо-америкалык маданиятты француз же италиялык сыяктуу батыш европалык маданияттарынан айырмалайт. Ошентсе да көптөгөн маданияттарда жеке адамдардын жашоосу тийиштүү болгон белгилүү маалымттарды коомчулуктан катууга чакырат, мисалы: үй эшигин кулпулоо. Жашырындык менен купуялыктын ортосундагы айырмачылык отнология тарабынан өтө жука, ошондуктан "privacy" (кырг. купуялык) – которулгус лексеманын мисалы жана көптөгөн тилдерде "privacy" сөздүн туура котормосу жок. Мындай тилдерде бул терминди которуш үчүн анын мааниси гана берилет (мисалы орус тилинде: уединение – обочолонуу (англ. solitude), секретность – жашырындык (англ. secrecy), частная жизнь – жеке жашоо (англ. private life)) же англис тилинен алынган "privacy" (индонезиялык Privasi же италиялык la privacy). Айырмачылыктар тараптардын (адамдар же топтор) обочо болгондугуна байланыштуу. Алар өз алдынчалык, коллективизм маданий мүнөздөргө жана индивидуалдык жана топтук укуктар арасындагы сүйлөшүүлөргө жараша ар түрдүү эмоцияларга ээ болушу мүмкүн. Бул айырмачылык тамаша аркылуу берилет: "Мен маалыматты жашырганда, бул купуялык болуп эсептелет; сен маалыматты жашырганда, бул жашырындык болуп эсептелет".

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү