Курбанкулов Байыш 1950-жылы 3-майда туулган.

  • Орто мектепти бүткөндөн кийин,
  • 1968-жылы, Фрунзедеги Мамлекеттик Медицина институтунун санитардык-гигиеналык факультетине тапшырып,
  • 1974-жылы ийгиликтүү аяктайт.
  • 1974-жылы Баткен райондук Сан. Эпид. Станциясынын бактериялогиялык лабораториясында врач, андан кийин ошол бөлүмдүн башчысы, рай СЭСтин башкы врачынын орун басары болуп 1979-жылга чейин иштеген.
  • 1979-жылдан 1990-жьшгачейин, СузакрайондукСЭСтинкоммуналдык бөлүмүнүн башчысы,
  • 1990-2010-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Медициналык колледждин мугалими, ошол эле колледждин профсоюз уюмунун төрагасы, “Гигиена жана Эпидемиология” циклинин төрагасы болуп, ал эми 2010- жылдан баштап ушул колледждин директору болуп эмгектенип келет.
  • Талыкпаган эмгегинин үзүрүн көрүп,
  • 1996-жылы “Саламаттыкты сактоонун Отличниги” деген наамды алат.
  • Андан башка Кыргыз Республикасынын Борбордук Профсоюз комитетинин ардак грамотасы, Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы ж. б. көптөгөн баалуу сыйлыктар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3