Кургактепчи мөңгүлөрүБорбордук Теңир-Тоодогу Акшыйрак тоо тоомунун чыгыш капталында жайгашкан өрөөн тибиндеги эки мөңгү.

Сарыжаз суусунун сол куймасы Үчкөлдүн алабында. Сол тарабындагы мөңгүсүнүн уз. 4,1 км, аянты 4,6 км2, көлөмү 0,489 км3. Абляция облусунун аянты 2,2 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3850 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4230 м. Этегинин калыңдыгы 100 м. Оң капталдан жүрүп туруучу кар көчкүдөн куралат. Оң жак мөңгүсүнүн уз. 4,5 км, аянты 5,0 км2, көлөмү 0,250 км3, абляция облусунун аянты 2,0 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3910 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4200 м. Кар көчкүлөрдөн куралат. Этегинин калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1933–58-ж. 670–720 мге тартылып, аянты 0,23 км2ге кичирейген. Андан Кургактепчи суусу башталып, Үчкөл суусуна оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2