Кургак-Сай гипс кени - Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Түп пристанынан 95 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Чааркудук жайытында, деңиз деңгээлинен 2250–2700 м бийиктикте. Кен 1961-ж. Кыргыз ССР геол. башкармасы тарабынан ачылып, анын үстүнкү гана катмарында геол. алгачкы чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында карбон мезгилинин башкыр ярусуна тиешелүү чөкмө тоотек катмарлары жатат. Алар негизинен алевролит, кумдук, акиташ теги жана гипстен түзүлүп, түштүккө карай 35–65° жантайып жатат. Пайдалуу катмар – гипс, ал линза сымал кабат түрүндө жатат. Анын калыңдыгы 25 м, өңү боз, ак, кээде кызгылт, кристалл же ичке кыл түрүндө. Гипсти курулушка, цемент даярдоодо активдүү кошумча материал катары колдонууга болот. Чеги 2,7 км аралыкка жана 55 м терендикке чейин эсептелген кендин запасы С1 категориясы боюнча 5 млн тдан ашык. Ачык түрдө казып алса болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү