Кургак-Төр мөңгүсүКыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Чуңкурчак өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Узундугу 6,8 км, аянты 3,2 км2. Мөңгүнүн башы 4520 м, этеги 3600 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3870 м. Мөңгүнүн бети (20%ке чейин) морена менен («тили» 1,5 кмге чейин) капталган. Кийинки мезгилде тартылып баратканы байкалат. Мөңгүдөн Чуңкурчактын оң куймасы — Кургак-Төр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү