Аккуу
Жалпы жана өлкөдө таралышы
түзөтүүКыргызстанда Сөңкөлдө кээбир жуптары уялашылган. Келгин учурунда республиканын бардык жерлеринде кездешет. Ысыккөлдө массалык түрдө кыштайт . Жайында кээбир учурда ири көлмөлөрдө кездешет.
Жашаган аймактары
түзөтүүӨсүмдүктөргө бай, ири көлмөлөрдүн тайыз жерлери. Сөңкөлдө осока өскөн көлдүн тайыз жерлерине уялайт .
Саны
түзөтүүСөңкөлдө бир-эки жуп 1999 жылына чейин уялган. Ысыккөлдө күзүндө 1400гө жакын куштардын чогулушу белгилүү.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)
түзөтүүЖыныстык жагынан 4-жылда барып жетилет. Уясына 7ге чейин жумуртка тууйт. Республикада анын табигый душмандары жок. Көбүнчө суудагы жана жээктеги өсүмдүктөр менен азыктанат.
Чектөөчү факторлор
түзөтүүКатуу суукта Ысыккөлдүн тайыз жерлерин муз каптаганда ачкадан өлүшөт. Кээде сууга тоңгон же ачкадан алсыздаган аккуулар бүркүттөргө жем болушат. Браконңерлик.
Көбөйтүү (колдо багуу)
түзөтүүКолдо оңой көбөйөт.
Уюштурулган коргоо аракеттери
түзөтүү1985-жылы Кыргыз ССРинин Кызыл китебине жана Казакстандын Кызыл китебине киргизилген. Аңчылыкка тыюу салынган. Караталжапырык жана Ысыккөл коруктарынын территориясында коргоого алынган.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
түзөтүүЫсыккөлдө кыштоо мезгилинде коргоону күчөтүү.Сонкөлдүн батыш жээгине кидик заповедник уюштурууга зарыл. Кыштоочу жана уялоочу жерлерине мезгил- мезгили менен мониторинг жүргүзүү.
Статусу
түзөтүүVII категория, Least Concern, LC. Монотиптүү түр.Дүйнөлүк фаунанын уруусунун 7 түрүнүн жана Кыргызстандын фаунасынын 3 түрүнүн бири.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4