Курманбаев, Эмилбек
Курманбаев Эмилбек (1908, Токтогул району, Төркен кыштагы,-1984, ошол эле жерде) — малчы, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). СССР социалисттик айыл чарбанын отличниги. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Токтогул районундагы «Маданият», «Төркен» колхоздорунда жылкычы болуп иштеген. 1947-ж. 56 бээден 56 кулун алып, бардыгын аман асыраган.
Сыйлыктары
түзөтүүСоциялистик Эмгектин Баатыры,Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабият
түзөтүүБорбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.